Кечээ, 13-мартка карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 91 миллиард 669 миллион 165,8 миң сомду түздү.
Ички карыз 11-марттан бери 166 миллион 480 миң сомго өскөн. Өсүш мамлекеттик облигациялар жана векселдер аркылуу алынган карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу.
Тактап айтканда, Каржы министрлиги тарабынан 3 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен ички карыз 156,8 миллион сомго көбөйгөн. Аукцион 10-мартта өткөн. Алгач бюджетке 550 миллион сом тартуу пландалып, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк 5% купон менен 16,72% түздү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын баалуу кагаздардын бул түрү боюнча милдеттенмеси 5 миллиард 953 миллион 886 миң сомго бааланган.
Ошону менен бирге, 9-мартта 12 айлык векселдер боюнча аукцион өткөрүлдү. Аукциондун жыйынтыгында пландалган 60 млн сомдун 9 млн 680 миң сому гана 8,45% менен бюджетке тартылган.