Кыргызстандын ички карызы 375 млн сомго өстү

28.02.2023, 10:22 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 375 млн сомго өстү

Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары боюнча ички карызы 27-февралга карата 91 миллиард 222 миллион 685,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Карыз 375 миллион сомго көбөйгөн. Бул Каржы министрлигинин 2 жылдык облигациялар аркылуу акча тартуусунан улам болгон. Эгерде 24-февралда 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча милдеттенмелер 3 миллиард 776,2 миллион сомго бааланса, 27-февралда 4 миллиард 151,2 миллион сомго бааланган. Мамлекеттик облигациялар 24-февралда жайгаштырылды. 

Алгач Каржы министрлиги 300 миллион сомго мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырууну пландаган. Баалуу кагаздар боюнча купондук чен 5% өлчөмүндө белгиленген.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик 2 жылдык облигацияларды кошумча жайгаштыруу 27-февралга белгиленген. Бирок суроо-талаптын жоктугунан ал ишке ашкан жок.

 

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу