Кыргызстандын ички карызы 422 млн сомго көбөйдү

23.03.2023, 10:13 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 422 млн сомго көбөйдү

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 22-мартка карата 91 миллиард 881 миллион 165,8 миң сомду түздү.

Сумма 17-марттан бери 422 миллион сомго өскөн. Өсүү мамлекеттик облигациялардын карыздарынын көбөйүшүнө байланыштуу.

Тактап айтканда, Каржы министрлиги тарабынан 10 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен ички карыз 1 миллиард 222 миллион сомго көбөйгөн. Аукцион 17-мартта өткөн. Алгач бюджетке 1,5 миллиард сом тартуу пландалып, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 16,55% түздү.

Ошону менен бирге министрлик 5 жылдык МКО линиясы боюнча 800 миллион сом суммасындагы милдеттенмесинин бир бөлүгүн төлөп берди. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу 2018-жылдын 16-мартында 12,41% болгон.

Ошентип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын баалуу кагаздардын бул түрү боюнча милдеттенмелери 15 миллиард 319,8 миллион сомго бааланууда.

Тэги: внутренний долг Аукцион ГКО новости Кыргызстана Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу