Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 28-августка карата 105 миллиард 222 миллион 484,3 миң сомду түздү.
Сумма 25-августка салыштырмалуу 822 миллион сомго көбөйгөн. Бул мөөнөтү жети жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Белгилеп кетсек, аукцион 25-августта өткөн.
Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 1,1 миллиард сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Жыйынтыгында мекеме аны 822 миллион сомго канааттандырган. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,2%ды түздү.