Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 20-майга карата 147 миллиард 342 миллион 180 миң 800 сомду түздү.
Сумма 17-майга салыштырмалуу 4 миллиард 800 миллион сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 3 (+3,6 млрд сом) жана 10 (1,2 млрд сом) жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болгон.
Белгилеп кетсек, 3 жылдык мамлекеттик облигациялар 17-майда жайгаштырылган. Алгач Каржы министрлиги 7 миллиард сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. 10 жылдык МКО да 17-майда 16,6% кирешелүүлүк менен жайгаштырылды.