Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары боюнча ички карызы 22-апрелге карата 142 миллиард 996 миллион 75,8 миң сомду түздү.
19-апрелге карата сумма 141 миллиард 546 миллион 318,3 сомду түзүп, 1 миллиард 449 миллион 757,5 миң сомго көбөйгөн.
Өзгөрүүлөр Каржы министрлиги тарабынан 1 миллиард 299 миллион 757,5 миң сомго жана 150 миллион сомго 3 жана 10 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруусунан улам болду. Үч жылдык мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,3%ды, 10 жылдык облигациялар боюнча 14,95%ды түздү.