Келе жатканжылдын апрелинен тарта бардык мамлекеттик мекемелердеги кызматтар үчүн накталай эместөлөөгө болот. Бул тууралууМинистрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Документке ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер 2023-жылдын 31-январына чейин коммерциялык банктар менен банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын же башка инструменттерди колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүш) орнотуу боюнча келишимдерди түзүшү керек.
Ал эми 2023-жылдын апрелинде келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылышы керек.