Өзбекстандын бардык облустарында IT-парктар ачылат

30.12.2019, 11:16 Акчабар
Өзбекстандын бардык облустарында IT-парктар ачылат

2020-жылы Каракалпакстанда жана Өзбекстандын бардык облустарында маалымат технологиялар паркы жана программалык продуктылар курулат. Бул тууралуу gazeta.uz порталы билдирет.

Маалымат технология жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, IT-парктар жаштардын стартап-долбоорлорун өнүктүрүүгө багытталат.

«Бул парктар 20 кабаттан кем эмес имараттардан курулушу керек...Биз  20 гектарга 2-3 кабат имарат салган убакыттан өттүк», — деп билдирди Шавкат Мирзиеев.

Мамлекет башчы Маалымат технология жана коммуникация министрлиги Шухрат Садиковго жана Элдик билим берүү министри Шерзод Шерматовго ар бир облуска бирден санарип технологиясын камтыган окуу борборун куруу тапшырмасын берди.

Ташкентте июль айында, алгачкы жолу Технологиялык парк жана маалымат технологиялар ачылган. Анын резиденттери катары 15 стартап-команда болгон.

 

 

Тэги: IT-парки Узбекистан цифровые технологии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу