Орточо айлык реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда жана Кыргызстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 114,7% жана 114,6%) катталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти билдирди.
2023-жылдын биринчи жарымында орточо айлык эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык мамлекеттеринде өстү.
Орточо айлык номиналдык эмгек акы Кыргызстанда 367 доллар, Орусияда 915 долларды, Казакстанда 780 доллар, Арменияда 671 долларды, Беларуста 633 долларды түздү.