Жылдын январь-июль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө айыл чарба өндүрүшү 1,8%га өскөн. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Бирок өсүш Беларуста (+5,2%), Казакстанда (+2,6%), Арменияда (+1,6%) жана Россияда (+1,4%) байкалган.
Кыргызстанда өндүрүш 1,7%га кыскарды.
"Кыргызстандын маалыматтары айыл, токой жана балык чарбаларынын көрсөткүчтөрүн эске алды", - деп белгиледи ЕЭК.