Ресурстардын жетишсиздиги биз түздөн-түз туш болгон маселе. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов гидроресурстардын тартыштыгына байланыштуу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулаган форумда билдирди.
Дүйнөлүк банктын анализи көрсөткөндөй, 2050-жылга карата суунун жетишсиздиги азыркы деңгээлден 25-30% га, ал эми 2030-жылга чейин айыл чарба тармагында ошол эле пайызга көбөйүшү мүмкүн.
“Суу ресурсу Борбор Азиядагы эң кымбат ресурстардын бири болуп калат жана аны кантип пайдалануу керектиги боюнча кошуналар менен макулдашып алышыбыз керек”, - деп белгиледи Марат Иманкулов.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты жалпы көлөмдөн 16%га кыскарган, бирок бул 2016-жылдагы маалымат. Андан кийин бул багытта изилдөө жүргүзүлө элек.
Ошондой эле, чара көрүлбөсө, 2050-жылга чейин Талас дарыясынын бассейни толугу менен жок болору белгиленди.