"Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнгөн айып пулдардын жалпы суммасы 1 млдр 800 млн 757.3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.
Анын айтымында, "Коопсуш шаар" долбоору ишке кирген күндөн тарта, ушул жылдын 24-июнуна чейин 2 млн 448 миң 391 жол эрежелерин бузүу катталган. Алардын ичинен 1 млн 630 миң 218 эреже бузууга төлөм жүргүзүлгөн.
Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 4-мартында иштеп баштаган. Анын алкагында, Бишкектеги 38 жолдун кесилишине видеокамера орнотулган, ал эми Чүй облусунда 52 жерде камера бар.