Аскер кызматкерлери ипотека менен камсыздалышы мүмкүн

21.02.2024, 16:55 Акчабар
Аскер кызматкерлери ипотека менен камсыздалышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри Эрлис Тердикбаев Министрлер кабинети аскер кызматкерлери үчүн турак жайды ипотекага сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Министрдин айтымында, кызматтык турак жай албаган аскер кызматкерлерине 7 миң сомдон 9 миң сомго чейин акчалай компенсация төлөнөт. Министрлер кабинети компенсациянын көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда. Аскер кызматкерлери үчүн ипотекага турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралууда. Демек, мамлекет компенсация төлөөнүн ордуна, ипотекалык насыяларды төлөөгө акча жумшайт.

Ал эми кызматтык турак-жайы барлар 20 жыл иштегенден кийин менчиктештире алышат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.

Тэги: экономика новости Кыргызстана военнослужащие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу