Баткен жана Лейлек районундагы аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

30.09.2022, 09:23 Акчабар
Баткен жана Лейлек районундагы аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап, ал эми Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы андан дагы көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги Лейлек районунун Максат, Борбордук жана Арка айылдарына барганда айтты.

Акылбек Жапаров чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди жана башка инфраструктураларды калыбына келтирүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу айтып берди.

Ал жабыркаган социалдык объектилерди көрүп чыкты.

 "Биз Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жабыркаган бардык турак жайлар жана социалдык объектилер калыбына келтирилет. Облустагы жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны мен жетектөөдөмүн. Бардык калыбына келтирүү иштери менин көзөмөлүмдө турат", - деп ынандырды Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Акылбек Жапаров кредиттер, социалдык жөлөкпулдар, мамлекеттик финансы институттары тарабынан ишкерлерди колдоого алуу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, эвакуациялоо жолдорун аныктоо боюнча көтөрүлгөн маселелер чечилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, куралдуу баскынчылыктын натыйжасында 640 турак жай (430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоону талап кылат), 11 административдик-стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 көмөкчү имараттар, 197 чарба объектиси, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 автомашина жабыркаган. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техникалар тартылган.

Раззаков шаарында Министрлер Кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштан каза болгондорду эскерди.

Тэги: военный военнослужащие зарплата Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу