Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин илимий-чыгармачылык ишмердигинин тийиштүү шарттарын түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 1-январынан тартып окумуштуулук наамдар үчүн ай сайын берилүүчү стипендиялар белгиленет.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык, анык мүчөлөргө (академиктерге) 15000 сом, корреспондент-мүчөлөргө 7500 сом өлчөмүндө стипендия берилет.