«Макмал» алтын комбинатынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

05.10.2022, 15:28 Акчабар
«Макмал» алтын комбинатынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы “Кыргызалтындын” “Макмал” алтын комбинатынын филиалында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүү учурунда “Макмал” алтын комбинатынын филиалы жана “Кыргызалтын-курулуш” филиалынын жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 2 млн 143 миң 686 сомдук инвентарлык буюмдардын жетишсиздиги аныкталган.

Бул факты боюнча Тогуз-Торо районунун прокуратурасы Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Тэги: Генпрокуратура КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу