ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 га жер мыйзамдаштырылды

02.12.2021, 11:08 Акчабар
ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 га жер мыйзамдаштырылды

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер трансформацияланды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Финансы министрлигине республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Эске салсак5, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Тэги: ТЭЦ-2 трансформация земель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу