Бир сутка ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын бир унций куймасы 0,7%га кымбаттады.
Муну менен бүгүнкү күндө кайра сатып алуу баасы 155 миң 845,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.
Ал бир күн мурун, 17-майда 154 миң 756 сомду түзгөн. Ошентип, алтындын унциясынын кайра сатып алуу баасы 189,5 сомго же 13,2 долларга жогорулады.
Белгилеп кетсек, май айында көрсөткүчтүн төмөндөөсү байкалган. 17-майга карат кайра сатып алуу баасы ушул айдын башына карата 4,82% га төмөндөгөн. Анын өсүүсү 12-майда гана 0,34% га, андан кийин - бүгүн 0,7% га белгиленди.
Бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясы 192 мин 72,5 сомдон сатып алууга болоорун кошумчалайбыз. Сатуу баасы 26-апрель баштап өзгөрүүсүз калды.