Кыргызстандын Улуттук банкы 12-сентябрга карата чет элдик валютанын сомго болгон расмий курсун жаңылады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, сом бардык негизги валюталарга карата арзандады. Ошол эле учурда эң көп рублга карата төмөндөп, ал дароо 1,38%га жогорулап, 0,9132 сомду түздү.
Теңгенин сомго карата курсу 0,79%га бекемделип, 0,1910 сомду түздү. Евро жана АКШ доллары тиешелүүлүгүнө жараша 0,16% жана 0,01% кымбаттады.