Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу Нурлан Мүсүралиев Бизнес-акыйкатчы институтунун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Акчабарга” институттан билдиришти.
Нурлан Мусуралиев 2019-жылдын ноябрь айынан бери республиканын бизнес-акыйкатчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Институттун мындан аркы тагдырын, аны ким жетектей тургандыгы жөнүндө институттун байкоочу кеңеши чечет. Анын курамына үч тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирет: Экономика министрлиги, ЕРӨБ жана бизнес-коомчулук: Соода-өнөр жай палатасы, AmCham, ЖИА, МДС жана башкалар.
Бир күн мурун Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту республиканын тарыхындагы биринчи бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смиттин каза болгонун билдирген. Ал бул кызматты 2019-2022-жылдары аркалаган.