Ошту өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 60 млн доллар бөлгөн

17.04.2024, 17:03 Акчабар
Ошту өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 60 млн доллар бөлгөн

Ош облусунда “Финансы-экономикалык системаны өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары” аттуу масштабдуу иш-чара болуп, ага Каржы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук администрациялардын башчылары, алдыңкы экономисттер, банктардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

Жыйында Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Ош облусунун финансы-экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Ал акыркы үч жылда облуска республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 106 объектке, анын ичинде 60 мектепке 4 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Эрнст Калдыбаев аймактык фонддорду өнүктүрүүдөгү маанилүү жетишкендиктерди белгилеп, 2023-жылы гана 2,4 млрд сомго каржылангандыгын билдирди.

2024-жылга "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 1,5 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 257,3 млн сому Ош облусундагы 86 долбоорду каржылоого алынган. Мындан тышкары, мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан Ош аймагын өнүктүрүү долбооруна 60 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

"Эл аралык донорлор тарабынан 78 млн АКШ доллары суммасына суу түтүктөрүн оңдоо иштери улантылууда, ошондой эле транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 133 млн АКШ доллары бөлүнөт. Эл аралык финансы уюмдары экономиканын ар кайсы тармактарында активдүү колдоону улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Ошская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу