Дүйнөлүк банк транспорттук байланышты жакшыртууга 27.5 млн доллар бөлөт

18.11.2019, 13:15 Акчабар
Дүйнөлүк банк транспорттук байланышты жакшыртууга 27.5 млн доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) 27.5 млн долларга насыя жана 27.5 млн долларга грант бөлөт. Бул тууралуу Президенттин Аппараты билдирди. 

Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Маалымат катары:

«Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын  үчүнчү фазасы» долбоору Түп — «Каркыра» контролдук өткөрмө пункту авто жолунун тилкесин (39 –76 чакырымдар), «Каркыра» капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 км) реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы дараметин жогорулатууну, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.

Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансы каражаттары сарпталат.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасына суммасы 27,5 млн АКШ доллары болгон насыя (каржылоонун шарттары: насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75  пайыз), ошондой эле суммасы 27,5 млн АКШ долларына барабар грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Бул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес.

Тэги: Всемирный банк грант кредит транспортная связь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу