Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлөт

04.10.2022, 09:39 Акчабар
Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорунуналкагында 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттинжетекчиси Чыңгыз Айдарбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Анна Бьерде Баткен облусундагы азыркы кырдаалга өкүнүчүн билдирип, чек ара маселелерин бир гана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Ч. Айдарбеков стратегиялык өнөктөш болгон жана өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктарын баса белгиледи.  

“Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 2 миллиард доллардан ашык суммада каржылык жардам алды”, - деди Чыңгыз Айдареков.   

Ошондой эле, ал Дүйнөлүк банкка экономиканын түрдүү тармактарына ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Айдарбеков жолугушууда 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга токтолуп, Тажикстан тараптан эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы, алдын ала пландалган куралдуу агрессия болуп, анын натыйжасында Кыргызстандын жарандары набыт болгондугун белгиледи.

“Ошол эле учурда биз эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык, саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү  калайбыз. Өзгөрүүсүз позициябызды дагы бир жолу ырастайбыз”, - деди Ч.Айдарбеков.

Тэги: Жогорку Кенеш Всемирный банк Баткенская область Баткен вторжение Таджикистана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу