ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 2021-жылдын январь-августунда өткөн жылга салыштырмалуу 4,5% га өстү, деп билдирди ЕЭК.
Биримдикке кирген беш өлкөнүн ичинен ИДП Кыргызстанда гана 2,7%га төмөндөдү.
Армения эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ - ИДПнын өсүшү 5,8%. Андан кийин Орусия - 4,8%, Беларус - 3,5% жана 2,4% менен Казакстан турат.