Кыргызстандын ИДПсы 4,6%га өстү

11.04.2023, 10:29 Акчабар
Кыргызстандын ИДПсы 4,6%га өстү

Ички дүң продукт алдын ала эсептөөлөр боюнча 2023-жылдын январь-март айларында 184 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Бул 2023-жылдын январь-мартында өнөр жай өндүрүшүнүн 7,6%га өсүшү химиялык продукцияны чыгаруунун өсүшүнүн эсебинен (36,4%), фармацевтика продукциясы (19,8%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия иши (16,2%), негизги металлдар (13,6%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (10,7%), тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктер) жана тамеки продукциясы (3,1%ке), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (21,4%) менен шартталган.

Ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 2,4%ды, айыл чарбасында - 1,9%ды, дүң жана чекене соодада - 11,8%ды түздү.

Тэги: экономика ВВП новости Кыргызстана статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу