Кыргызстандын ички дүң продукциясы бул жылдын январь-сентябрь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 485 миллиард сомдон ашты, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу көрсөткүч 0,1%га өстү.
Ошол эле учурда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 444 миллиард сомдон ашык сумманы түздү жана 3,6%өсүштү көрсөттү.