Жогорку технологиялар паркынын кирешеси III кварталда 549,3 млн сомду түздү

04.11.2021, 14:01 Акчабар
Жогорку технологиялар паркынын кирешеси III кварталда 549,3 млн сомду түздү

 

Жогорку технологиялар паркы ушул жылдын үчүнчү чейрегинин финансылык отчетун жарыялады. Берилген маалыматка ылайык, анын кирешеси 87%га өсүү менен 549 млн 344,9 миң сомду түздү.

Жогорку технологиялар паркында 1 миң 167 кызматкер эмгектенет, алардын эмгек акы фондусу 199 миллион 309,6 миң сомго бааланып, бул убакыт аралыгында патент ээлерине төлөмдөр 63 миллион 311,5 миң сомду түздү.

 

Парктын ийгилиги мамлекеттик бюджетке да таасирин тийгизип, үчүнчү кварталда мамлекеттик бюджетке киреше салыгы түрүндө 9 миллион 493,4 миң сом (+ 82%) жана дагы 6 миллион 217,5 миң сом (+52) төлөгөн.

Жалпысынан ушул жылдын башынан бери бюджетке салыктар жана социалдык төлөмдөр түрүндө андан 40 млн 342,7 миң сом түшкөн.

Тэги: Парк высоких технологий выручка деньги IT

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу