Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 4,9 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу "Акчабарга" Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен 85%дан ашыгы же дээрлик 4,2 млрд доллары өлкөнүн тышкы кредиттери, калган 700 млн доллары ички карыздар.
"Эң жогорку пайыздык чендер Кытайдын Экспорт-импорттук банкында 2% менен, ал эми Араб өлкөлөрүндө болжол менен 2%, эң төмөн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында (ЭӨА) - 75%га жакын. Кытай 20 жылдык мөөнөткө беш жылдык жеңилдик мөөнөтү менен, ЭӨА 38 жылдык мөөнөткө алты жылдык жеңилдик менен берет ”, - деп түшүндүрүштү мекемеден.