Өткөн жылы Евразия экономикалык биримдигинин көпчүлүк мамлекеттеринде өз ара инвестициялардын таза агымы өстү.Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өз ара түз инвестициялар Арменияда 3 эсеге, Белоруссия менен Кыргызстанда 2 эсеге жогорулаган.
ЕАЭБдин негизги инвестору Россия (1,9 млрд доллар) болгон.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү да өстү.