Кыргызстандын эл аралык уюмдарга кошкон салымы жарым млрд сомдон ашты

09.09.2022, 11:00 Акчабар
Кыргызстандын эл аралык уюмдарга кошкон салымы жарым млрд сомдон ашты

Ушул жылдын жети айында Кыргызстан КМШ алкагындагы эл аралык уюмдарга жана бирикмелерге 543 миллион 751,7 миң сом төлөдү.

Мында республиканын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы бирикмелерге мүчөлүгү 10 миллион 761,3 миң сом болсо, эл аралык уюмдарга 531 миллион 49,7 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларына, бирикмелерине төгүмдөр 1 миллион 940,6 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, июль айында Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин эл аралык уюмдарына жана бирикмелерине мүчө болуу үчүн 118 миллион 855,5 миң сом төлөгөн.

Тэги: Кыргызстан деньги международные организации членство КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу