Кесиптик лицей жана колледждердин окуучулары арасында “WorldSkills” чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, чемпионаттын облустук турун жеңип алган 19 окуучу республикалык турга “Ширетүүчү технология”, “Ашпозчулук” жана “Мода технологиясы” адистиктери боюнча ат салышты. Жеңүүчүлөргө биринчи орунга 25 миң сом, экинчи орунга 15 миң, үчүнчү орунга 10 миң сомдон берилди.
Ошондой эле 1-орунга ээ болгондорго Франциянын Лион шаарында 10-15-сентябрда өтө турган эл аралык чемпионатка жолдомо ыйгарылды.
“WorldSkills” эл аралык коммерциялык эмес ассоциация болуп саналат, анын максаты көк жакалуу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдыгынын жана квалификациясынын статусун жана стандарттарын жакшыртуу болуп саналат.
Кыргызстандагы “WorldSkills” сынактарынын уюштуруучулары Билим берүү жана илим министрлиги, “CASEF” коомдук фонду. Өнөктөштөр Азия өнүктүрүү банкы жана “Айко-Сейко” ЖЧКсы тарабынан каржыланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы” долбоору.