Яндекс Кыргызстанда окуучулар үчүн акысыз Python окутуу курстарын баштайт

11.09.2023, 15:03 Акчабар
Яндекс Кыргызстанда окуучулар үчүн акысыз Python окутуу курстарын баштайт

11-сентябрда Бишкекте биринчи жолу Яндекстин Программалоо мектебине Python программалоо негиздери боюнча бир жылдык курска окуучуларды тандоо башталат. Окутуу № 75 мектеп-лицейдин, № 102 орто мектептин жана «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин базасында жүргүзүлөт. 

Курска тапшыруу үчүн 8-10-класстардын окуучулар чакырылат. Окутуу акысыз. Сабактар күндүз жумасына эки жолу эки академиялык сааттан окутулат. Жогорку класстын окуучулары сабактарда Python тилинде иштөөнүн негиздери, программадагы негизги түшүнүктөр, конструкциялар жана тилдин китепканасы менен таанышат.   
Курса тапшыруу тестирлөө жана аңгемелешүү сыяктуу эки баскычта жүрөт.

Алгач ушул шилтемеден анкета толтуруукерек.

 Ага жооп катары кат жана онлайн-тестирлөөгө шилтеме келет. Аны 21-сентябрда түнкү саат 23:59 чейин аткаруу керек. Эгерде тесттен ийгиликтүү өтсө, анда окуучу аңгемелешүүгө чакырылат. 

Программалоо мектеби –программалоого жана так илимдерге кызыккан 8-10-класстардын окуучулары үчүн Yandex акысыз билим берүү долбоору. Кыргызстанда Яндекс Go колдоосу менен жүзөгө ашырылган. Мектеп бүтүрүүчүлөрү IT багытында билимин уланта алышат, бирок Яндекс Лицейде онлайн форматында окушат. Балдар Go боюнча жаңы курсту же оюндарды иштеп чыгуу, маалыматтарды талдоо, компьюетрде окуу, же Python тилинде сайттарды жана тиркемелерди түзүүгө жардам берген Django аспаптар топтомунда веб-иштеп чыгуу адистигин тандай алышат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу