Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке 6,042 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн түшүргөн.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул эле айына салыштырмалуу быйыл январь айында бажы төлөмдөрү 1 миллиард 115 миллион сомго көбөйдү, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.
“Финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, бажы төлөмдөрү 316,4 млн сомго көп чогултулду”, - деп айтылат маалыматта.