Социалдык фонд 2023-жылдын январь-февраль айларында 15389 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, февраль айында 6331 жаранга пенсия дайындалган.
Мындан тышкары 1313 пенсионерге кошумча берилген документтердин негизинде эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча пенсия кайра эсептелген.