Быйыл январь айында Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Орусия – 92,4%, Кыргызстан – 4,2%, Белоруссия – 3,3% жана Армения – 0,1% түзгөн. Бул тууралуу “Казтаг” маалымат агенттиги Улуттук статистикалык бюросуна таянып жазды.
Маалыматка ылайык, январда Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 19%дан ашкан.
Январда Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,13 миллиард долларды түздү. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу номиналдык мааниде 19,1%га көп. Ошондой эле, товарлардын экспорту 53%га өсүп, 933 млн долларды түзүп, импорт 1,7%га, 1,2 млрд долларды түзгөн.