Бир айда өлкөгө импорттолгон жүк ташуучу унаалардын саны 2 эсе өстү

22.03.2023, 09:30 Акчабар
Бир айда өлкөгө импорттолгон жүк ташуучу унаалардын саны 2 эсе өстү

Быйыл январь айында Кыргызстанга алынып келинген жүк ташуучу унаалардын саны өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, январда өлкөгө 751 жүк ташуучу унаа алынып келинген. Негизги жеткирүүлөр төмөнкүлөрдөн белгиленет:

  • Литва – 363 унаа (орточо баасы – 2,4 миң доллар);
  • Түштүк Корея — 235 унаа (орточо баасы — 3 миң доллар);
  • Германия – 54 унаа (орточо баасы – 2,3 миң доллар);
  • Кытай – 52 унаа (орточо баасы – 32,6 миң доллар);
  • АКШ — 22 унаа (орточо баасы — 25 миң доллар).

“Жүк ташуучу унаалардын импорту нарктык мааниде 3,2 эсеге көбөйүп, 6,1 млн долларды түздү. Бир жеңил автоунаанын орточо импорттук наркы 8,1 миң долларды түздү”, - деп айтылат маалыматта.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу