Быйыл январда мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттин чыгашасы 2 миллиард 11,8 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражаттын 1 миллиард 168,5 миллион сому тышкы карыз боюнча төлөмдөргө туура келген. Мамлекеттик ички карызды төлөөгө 843,3 млн сом бөлүнгөн.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,5 миллиард долларды түзгөн.