Жапония Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 5,3 млн доллар бөлөт

23.03.2023, 12:29 Акчабар
Жапония Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 5,3 млн доллар бөлөт

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 5,3 млн доллар кайтарымсыз каражат берет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Финансы министрлигинде министрлер кабинетинин жана жапон өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.

"Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жапон өкмөтү 700 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун аткаруучу органы болуп Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.

Тэги: новости Кыргызстана Минфин Япония грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу