Япония бир жыл ичинде Кыргызстанга инвестицияны 13 эсеге көбөйттү

08.12.2022, 10:18 Акчабар
Япония бир жыл ичинде Кыргызстанга инвестицияны 13 эсеге көбөйттү

Быйыл январь-сентябрь айларында тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйүп, 958 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Мында негизги көлөм (96%га жакыны) тоо-кен казып алуу ишканаларына, кайра иштетүү өнөр жайларына, финансылык ортомчулукка жана камсыздандырууга, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

Өз кезегинде КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү эки эсеге өстү. Алсак Япониядан келген инвестиция 13 эсеге, 7 млн ​​25,4 миң долларга чейин жогорулаган. Ошондой эле, 2022-жылы Түркиянын Кыргызстанга болгон инвестициясы 4 эсе, Швейцарияныкы 2,6 эсе, Кипрдики 2,1 эсе, Кытайдыкы 1,6 эсе жана Нидерланддардыкы 13,6%га чейин өскөн. 

 

Тэги: экономика инвестиции Нацстатком КР новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу