YouTube интерактивдүү шоу жасай баштайт. Бул жаңы багытка компаниянын бир бөлүгү жоопкерчиликтүү болуп, аны Бен Реллес жетектеди деп жазды ТАСС Reuters агентигине таянып .
Агенттиктин маалыматы боюнча Реллес YouTube компаниясында сегиз жылдан бери иштейт. Ага чейин импровизациялык программаларды жасап келген.
«Эми бизде кызыктуу бир нече катмардан турган кызыктуу интерактивдүү окуяларды тартуучу инструмент менен мүмкүнчүлүк бар»– деп эсептейт YouTube эксклюзивдүү контент түзүү боюнча жетекчиси Сьюзан Дэниэлс.
Эми YouTube интерактивдүү программалар боюнча атаандаштары – Netflix. Netflix буга чейин балдардын бир нече интерактивдүү берүүлөрүн чыгарышкан. 2018-жылы декабрда алтургай интерактивдүү фильм «Черное зеркало: Брандашмыг» сунушталган. Анда көрүүчүлөр башкы каармандын жашоосуна таасир этип, чечим чыгарууга катышкан. Ал эми апрелде бул компания үй-бүлө үчүн «Ты против дикой природы» деген аталыштагы британиялык саякатчы, телевалып баруучу жана жашоо боюнча эксперт Беар Гриллс менен шоуну сунуштайбыз деп жарыялашкан.
Reuters билдиргендей YouTube интерактивдүү реклама менен эксперимент жасап көрдү. Бирок, бир нече сюжеттик линия менен чыккан интерактивдүү шоу көп каражаттарды талап кылууда.