Ысык-Көлдө санитардык талаптарды бузгандар 134 миң сом айыппул төлөшөт

19.06.2020, 14:50 Акчабар
Ысык-Көлдө санитардык талаптарды бузгандар 134 миң сом айыппул төлөшөт

Ысык-Көл облусунда санитардык талаптарды бузгандарга жалпы 134 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

 

Анын айтымында, эң көп чач тарач кызматына − 23 миң сом жана коомдук тамактануу жайларына − 15 миң 500 сом айыппул салынган.

«Облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинен бери 2 миң 28 текшерүү жүргүзүлүп, 1 миң 705 санитардык көрсөтмө берилди. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тарапка 134 миң сомго айыппул салынды», — дейт ал.

Осмоналиев билдиргендей, облустун бардык аймактарында дезинфекциялоо иштери жүрүп, облуста бардыгы болуп 2 миң 840 объект дезинфекцияланып, жалпы 1 млн 743 миң 458 чарчы метр жер залалсыздандырылган.

Тэги: Ысык-Көл санитардык талап айыппул сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу