Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Аталык Жем” тоют заводу ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, заводдун ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
“Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд. сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн. сомду түзүп, 150 млн. сому “Айыл Банк” аркылуу берилген”, - деди Акылбек Жапаров.
Ишкана өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана “бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болмокчу.
Белгилей кетсек, “Аталык Жем” тоют заводу “ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси” ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.
Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: