Ысык-Көл айланма унаа жолу боюнча макулдашуу ратификацияланды

25.02.2022, 15:00 Акчабар
Ысык-Көл айланма унаа жолу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай ачастогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 2-февралында кабыл алынган.

Макулдашуу менен Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун (Корумду а. — Балбай а.) 104 — 184.5 км тилкесин реконструкциялоо каралат.

Долбоор төмөнкүлөрдү камсыздайт:

— Ысык-Көлдүн курорттук аймагынын республиканын облустары, ошондой эле Казакстан жана Кытай Эл Республикасы менен жол байланышын жакшыртууну;

— ички жана эл аралык туризмди мындан ары өнүктүрүү үчүн Ысык-Көл шакекчесинин жол жээгиндеги инфраструктурасын жакшыртууну;

— өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын өнүгүүсү жана өсүшүн;

— Ысык-Көл шакегин Казакстандын жана Орусиянын жолдору менен байланыштырууну.

Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аялдамаларды, арыктарды орнотуу, жарыктандыруучу лампаларды орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана кеңейтүү, веложол жана тротуарларды куруу жана башкалар аркылуу жолду жабдуу каралган.

Ошондой эле, жолдун бул участогунун техникалык абалын жакшыртуу менен төмөнкүлөргө жетишүүгө болот:

— товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын аймактык рынокторуна жеткиликтүүлүктүн кеңейиши;

— жолдо жүрүү убактысы кыскарат;

— транспорттук каттам жана мобилдүүлүк жакшырат;

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун Темировка, Григорьевка, Кожояр, Семеновка, Ананьево, Жаркымбаев, Чоң-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Ой-Тал, Ой-Булак, Кутурга, Фрунзе, Ак-Булуң, Күрмөнтү, Балбай Баатыр айылдарынын жол жээгиндеги инфраструктурасы (жаңы тамактануу пункттары, май куюучу станциялары, техникалык тейлөө станциялары ж. б.) жакшырат.

Мындан тышкары, курулуш мезгилинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумуш орундары түзүлүп, жол жээгиндеги инфраструктура жабдылгандан  кийин туруктуу жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүлөт.

Тэги: кредит макулдашуу ратификация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу