Бир жумада Ысык-Көлдөн Казакстанга 41 тонна жашылча экспорттолду

11.09.2023, 11:00 Акчабар
Бир жумада Ысык-Көлдөн Казакстанга 41 тонна жашылча экспорттолду

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 25-августунан 1-сентябрына чейин республиканын ичинде жана аймагына ташылып жаткан 6 миң 178 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунан 54 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 8 фитосанитардык сертификат катталган. 

Аталган жумада Ысык-Көл облусунан Казакстан менен Орусияга 13,3 тонна мөмө-жемиш, Казакстанга 41 тонна жашылча экспорттолду.

“Карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда товарлардын ичи тыкыр текшерилип, экспорттолуучу продукциянын үлгүлөрү алынып, тышкы сооданын катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуу шарттары жана сактоо эрежелери менен тааныштырылды”, - деп айтылат маалыматта.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу