Ысык-Көл облусунун Түп районунда логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу “Brix Logistics” ЖЧКсынын өкүлү Константин Куценко билдирди.
Маалыматка ылайык, Казань шаарында өткөн “Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum” эл аралык экономикалык форумда Noor Business (Иран), “Түндүк-Түштүк” эл аралык интеграциялык клубу (Россия) жана “Бригс Логистик” (Кыргызстан) ортосунда кызматташтык боюнча үч тараптуу меморандум түзүлдү.
Куценко Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында да, эл аралык аренада да негизги өнөктөш болуп, дүйнөлүк логистикадагы ролун жогорулатып жатканын билдирди.