Ысык-Көл районунда 55 млн сомго бала бакча курулууда

14.06.2023, 14:33 Акчабар
Ысык-Көл районунда 55 млн сомго бала бакча курулууда

Бүгүн Ысык-Көл районундагы Темир айылында бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова менен Максатбек Сарбагышев катышты.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 55 млн. 200 миң сом каралган. 

“Наристелерибиздин татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошондо гана биз мамлекетибиздин жаркын келечегин камсыздай алабыз”, - деди депутат Максатбек Сарбагышев. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу