Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 3,6 млн сом айып салынды

13.09.2023, 12:00 Акчабар
Ысык-Көлдө экологияга келтирилген зыян үчүн 3,6 млн сом айып салынды

Ысык-Көл облусунда сегиз айда экологияга келтирилген зыян үчүн 3,6 млн сом айып салынып, анын 1,1 млн сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Алсак, 2023-жылдын январь-август айлары үчүн 822 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынса, учурда анын 627 миң 500 сому төлөнгөн.

"Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 3 млн 610 миң 372 сомдук 57 доо коюлуп, 1 млн 139 миң 345 сом өндүрүлгөн. Анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттердин тазалоочу жайларынын натыйжасыз иштегендиги үчүн 300 миң 500 сом айып пул салынган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддердин жыйынтыгында 35 миң 600 метр мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, механикалык аракет менен жараксыз абалга келтирилген. Уруксат берилген таштанды төгүүчү жайларга ташталган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу