Ысык-Көлдө 131 чет өлкөлүк мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда жалпы 1 миң 387 чет элдик жаран текшерилип, алардын ичинен 131и мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган. Ага байланыштуу аларга Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси боюнча 720,5 миң сом айып салынган.
“Ошондой эле иштөөгө уруксат документтери жок чет элдик мигранттарды жумушка алган 3 ишкер Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси боюнча 105 миң сом айыпка жыгылды”, - деп айтылат маалыматта.
Милиция ишкерлерди миграциялык мыйзамды сактоого, чет өлкөлүк жарандар үчүн тиешелүү уруксат кагаздарын алууга чакырат.