Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду былтыр маданият тармагына 39 млн сом бөлдү

24.01.2022, 15:10 Акчабар
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду былтыр маданият тармагына 39 млн сом бөлдү

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 2021-жылы маданият тармагына 39 млн сом бөлдү. Фонддон маалым болгондой, каражатка Тоң районундагы Төрт-Күл айылындагы маданият үйүнүн курулушу аяктап, жаз мезгилинде колдонууга берилди. Ушундай эле маданият үйүнүн курулушу Темир-Канат айылында башталды.

Мындан тышкары, Балыкчы шаарынын маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов атындагы жаңы эс алуу багы салынды.

Ошондой эле, Каракол шаарында жалпы сметалык баасы 1 млн 900 миң сомго эстеликтердин айланасын оңдоо иштери жүрдү. Пристань-Пржевальск айылындагы музейдин аймагына жаңы эс алуучу жай уюштурулду.

Түп районунун Тасма айылында баасы 16 млн 814 миң сомду түзгөн маданият үйүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын жана башка райондук маданият үйлөрүнүн материалдык техникалык базалары чыңдалды.

Жалпысынан облус боюнча 3 млн 900 миң сомго маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Тэги: ысык көл өнүктүрүү каражат маданият

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу