YU: Ичүүчү суунун тазалыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө 78-орунда

18.09.2023, 13:10 Акчабар
YU: Ичүүчү суунун тазалыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө 78-орунда

Бүгүн, 18-сентябрь Дүйнөлүк ичүүчү суунун тазалыгын баалоо күнү. Америкадагы Йель университетинин Экологиялык укук жана саясат борборунун (Yale Center for Environmental Law and Policy) изилдөөсүнө ылайык, 2022-жылы Кыргызстан ичүүчү суунун тазалыгы боюнча 47,2 индекс менен 78-орунду ээлеген. 

Аталган изилдөөдө жалпысынан 179 мамлекеттеги ичүүчү суунун абалы бааланган. Изилдөө көрсөткөндөй, экологиялык маселелерге эң көп көңүл бурган - экономикасы күчтүү жана демократиясы жогору мамлекеттер сап башында турат.

Ага ылайык, ичүүчү суунун тазалыгы боюнча алдыңкы ондукка Австрия, Финляндия, Греция, Исландия, Ирландия, Мальта, Нидерланды, Норвегия, Швейцария жана Улуу Британия кирген. 

“Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүн ичинен Кыргызстан 78-орунду ээлеген. Атап айтканда 54-орунда Казакстан, 60-орунда Өзбекстан, 76-орунда Түркмөнстан жана  78-орунда Кыргызстан турат. Тажикстан болсо тизменин 119-катарынан орун алган”. 

Изилдөөдө Йель университетинин эксперттери калк арасында сууну керектөөдөгү кесепеттерге маани беришкен. Анын негизги критерийи статистика жана кооптуу ичүүчү суунун таасири менен байланышкан өлүмдөрдүн жана оорулардын орточо саны болгон. Керектелген суунун сапатына байланыштуу ден-соолукка зыян келтирген бардык клиникалык катталган учурлар эске алынган.

Маалыматтар Ден соолукту өлчөө жана баалоо институту (Health Metrics & Evaluation’s, IHME) жарыялаган Global Burden of Disease (GBD) изилдөөсүнөн алынган. 

Кошумчалай кетсек, бул изилдөө эки жылда бир жолу жасалат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу